Кикбоксчу Адилет Улан уулу Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду

Кикбоксчу Адилет Улан уулу Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду.

 

Ал 60 килограмм салмакта күч сынашып, финалда түркиялык спортчуга жеңилип, 2-орунду ээледи. Спорттун аталган түрүнөн дагы бир спортчу Аброр Хакимов коло байгеге ээ болду.

 

Соңку жыйынтыктар боюнча Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстан спортчуларында тогуз алтын, сегиз күмүш жана тогуз коло байге бар. Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 9-орунда. Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.