Климат өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкекте жана Чүй облусунда кыш 24 күнгө кыскарды

Климат өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкекте жана Чүй облусунда кыш 24 күнгө кыскарды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Геология институтуна шилтеме келтирип билдирди.

 

Ал белгилегендей, “Бишкек” метеостанциясынын маалыматы боюнча кыштын узактыгы 95 күндөн 71ге кыскарды, ал эми жаз 3 күнгө узарды.

 

Жай болсо 145 эмес, 154 күнгө созулуп жатат. Эми өлкөдө күз жана кыш кеч келип, жаз менен жай эрте келүүдө, — деди Абрахматов.