Ат-Башы районунда Маданият үйү оңдолду

Ат-Башы районунда Маданият үйү оңдолду.

 

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объектте чатыр, дубалдар, эшиктер жана терезелер жаңыртылды. Андан тышкары, жылуулук системасы менен эмеректер алмашты.

 

Иштер толугу менен ушул айдын аягында жыйынтыкталат. Белгилеп кетсек, аталган Маданият үйү 32 жыл мурда курулуп, андан бери бир дагы жолу оңдолгон эмес.