Швейцария Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн 320 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Долбоор Каракол шаарында 2-декабрда старт алды. Долбоор Караколдогу лыжа, коньки сыяктуу бир катар кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталат. Биринчи фаза 4 жылга эсептелген.