Коргоо министрлигинде кадрдык орун алмашуулар болду

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолорду жүргүздү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Генералдык штабдын жетекчиси Эрлис Тердикбаев кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Руслан Мукамбетов Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Эске салсак, буга чейин ал министрдин орун басары – Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы болуп турган.
Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду. Алмазбек Карасартов (мурда биринчи орун басарлык кызматта турган) коргоо министринин орун басары кызматына – Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы болуп дайындалды.