Бишкекте сырткы жарыктандыруу жаңыртылууда.
Мэриядан такташкандай, ордо калаада жыл башынан бери 40 миң чакырым изоляцияланган зым төшөлүп, 2 миң 200 светодиоддук жарык орнотулду.
Анын ичинде 400дөн ашык авариялык кырдаал жоюлуп, 600гө жакын чырак жаңыларына алмаштырылды.
Мындай жумуштар шаардагы төрт райондо эле эмес, жаңы конуштарда дагы жүрүүдө.