Коррупция тууралуу билдиргендерге сый акы берүү тартиби бекитилди.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, аталган жарандарга коррупция фактысынан мамлекеттин эсебине кайтарылган сумманын 10 пайызы берилет.
Бирок каражат 1 миллион сомдон ашпашы керек. Эгер бир адам бир нече коррупциялык факт тууралуу билдирсе, анда ага эң чоң сумманын пайызы берилип турат.