Россия “Евровидение 2022” ыр сынагынан четтетилди.
Уюштуруучулардын айтымында, биримдиктин мүчөлөрү мындай чечимди
Украинадагы абалга байланыштуу россиялык катышуучу сынактын аброюна
доо кетирет деген кооптонуунун негизинде кабыл алды. Белгилеп кетсек,
“Евровидение” ыр сынагы 66 жылдан бери өткөрүлүп келет жана ал
600 миллионго чейин көрүүчүсү бар дүйнөдөгү эң популярдуу спорттук
эмес иш-чара. Быйыл мелдештин финалы Туринде өтөт.