Кытайда 200 унаанын катышуусу менен ири авария катталды. РИА Новости жазгандай, Чжэнчжоу шаарында бүгүн эртең менен коюу туман каптап, жолдордо көрүү кескин начарлаган.
Андан улам, унаалар бири-бирин сүзүп, үйүлүп калышкан. Куткаруучулардын айтымында, кырсыкка 200дөй унаа кабылды. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар иштеп жатат.