Куткаруучулар айдоочуларды жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат

Куткаруучулар айдоочуларды жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат. Өзгөчө тоолуу райондорго сапарга чыга тургандарга тиешелүү.

 

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртен республиканын басымдуу аймактарында карга айланган жаан жаайт.

 

Айдоочуларга унаалардын дөңгөлөктөрүн сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Ошондой эле машиналардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо керек.