Бишкектин “Жогорку Көк-Жар” конушуна жаратылыш газы өткөрүлдү

Бишкектин “Жогорку Көк-Жар” конушуна жаратылыш газы өткөрүлдү. Долбоорго ылайык, эми 800 тургун үйлөрүн экологиялык таза жаратылыш газы менен жылыта алат.

 

Иштер белгиленген мөөнөттөн мурда аяктады. Жалпысынан аталган конушта 4 чакырымдан ашык газ таратуучу түтүктөр курулуп, өткөрүлдү.