Кийинки жылы “Социалдык келишим” программасына 20 миң үй-бүлө катышса болот

Кийинки жылы “Социалдык келишим” программасына 20 миң үй-бүлө катышса болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, долбордун катышуучуларына 100 миң сомдон берилет.

 

Премьердин пикиринде, “Социалдык келишим” жакырчылыктан чыгуунун натыйжалуу программасы боло алды. Быйыл 100 миң сомдук колдоону мамлекеттен 10 миң үй-бүлө алды. Буга чейин алар аз камсыздалган катары жөлөк пул алып келсе, эми жеке ишкер боло алышты, — деди Жапаров.