Кыргыз ашканасынын рецепттер китеби эл аралык сынакта үчүнчү орунду ээледи

Кыргыз ашканасынын рецепттер китеби эл аралык сынакта үчүнчү орунду ээледи.

Бул сыйлык кулинардык тармакта «Оскарга» барабар экендигин

Бириккен улуттар уюмунун сайты жазды. Сыйлыкка татыган тамактардын

авторлору жемиш, жашылча, буурчак жана көк чөптөр менен белгилүү

тамактарды тартуулашкан. Аталган сынак 1995-жылдан бери

дүйнөдөгү мыкты кулинардык басылмаларды топтоп келет.