Кыргыз-казак чек арасындагы Талас дарыясынын сол жээги бекемделди

Кыргыз-казак чек арасындагы Талас дарыясынын сол жээги бекемделди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Манас районунун Үч-Коргон айылында дарыянын жээгинин 400 метрин бекемдөө быйылкы жылдын «Капиталдык курулуш» бөлүгүнө киргизилген. Анын натыйжасында эки өлкөнүн чек ара тилкеси, 350 гектар жайыт жер, 57 турак жай, бир чакырым ички чарба жолу корголду , — деп жазылган маалыматта.

 

Буга чейин чек арадагы Талас дарыясынын Кыргызстанга таандык жээги желип, суу жылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган.