Калыс-Ордо конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды

Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды. Мэриянын маалыматына ылайык, курулуш кайрымдуулук фондунун эсебинен жүрүүдө.

 

Учурда калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак жайдын, медициналык амбулаториянын курулушу дээрлик бүтүп, бир нече объектилердин ичи жасалууда.

 

Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүп жатат.