Кыргыз-өзбек чек арасында эки өткөрүү түйүнү ишин жандантты

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өткөрүү түйүнү ишин жандантты. Чек ара кызматынан билдиришкендей, кеп Ош облусундагы “Кара-Багыш” жана Жалал-Абаддагы “Бек-Абад” пункттары тууралуу болуп жатат.

 

“Кара-Багыш” аркылуу Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары гана, унаасыз, жөө өтө алышат. Ал эми “Бек-Абад” түйүнү аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары дагы, жеңил машинелер дагы өткөрүлөт.

 

Чек ара кызматынан белгилешкендей, көп жылдан бери иштебей жабык турган түйүндөрдү ачуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.