Бишкекте коомдук транспорттун тилкеси менен атайын кызматтардын унаалары дагы жүрө алат

Бишкекте коомдук транспорттун тилкеси менен атайын кызматтардын унаалары дагы жүрө алат.

 

“Жол транспорт инфраструктурасы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, автобус, троллейбус, маршруттук таксилерден тышкары бөлүнгөн тилке менен Тез жардамдын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, “Тазалык” жана “Жашыл чарба” ишканаларынын унаалары жүрсө болот.

 

Эске салсак, Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер бөлүнүп баштады. Биринчиси Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаевага чейинки тилкесинде пайда болду.