Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров камакка алынды. Мындай чечим  2-сентябрда борбордун Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

 

“2023-жылдын 2-сентябрында КР ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. М.А.К.га карата (ред. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) 2023-жылдын 24-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды”, — деп айтылат маалыматта.

Мадумаров КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси “Мамлекеттик чыккынчылык” боюнча айыпталууда.

 

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу башкы прокурордун сунушуна макулдук берген.