Кыргызстан аймактарында жол киренин көтөрүлүшү уланууда.
Эми Ош шаарында дагы коомдук унааларда тарифтер 1-декабрдан тартып кымбаттайт.
Шаардык кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, түштүк калаадагы маршруттук таксилерде
кечки саат 7ге чейин 15 сом, андан кийин 20 сом болот. Окуучулар 5 сомдон төлөйт.
Ал эми муниципалдык транспорт – автобус жана троллейбустарда мурдагы баа
10 сом бойдон калды. Эске салсак, Ош шаарында тартифтер акыркы ирет
2013-жылы көтөрүлгөн. Анын ортосунда Бишкекте 1-ноябрда жол кире кымбатаса,
Жалал-Абад шаарында 15-ноябрдан тартып жогорулады.