Россиядагы жол кырсыгынан жабыркаган үч кыргызстандыктын экөө жалпы палата которулду

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган үч кыргызстандыктын экөө оорукананын жалпы палатасына которулду.

Кыргызстандын аталган мамлекеттеги элчилигинен билдиришкендей, бирөө оң динамика менен медициналык мекеменин жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жабыркагандар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.

Россиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгы катталып 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мүрт кетип, дагы үчөө жараат алган.

Каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө.