Кыргызстан дүйнөлүк статистикада коронавирус боюнча “жашыл” зонада.
Бул тууралуу Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча
илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.
Учурда өлкө боюнча Бишкек жана Чүй облусу “кызыл” зонада. Ал эми Ысык-Көл “сары”
аймакта болсо, калган 5 облус “жашыл” зонада турат. Белгилеп кетсек,
аймактар андагы эпидемиологиялык абалы боюнча түстөргө бөлүнөт,
ага жараша чечимдер кабыл алынып, чара көрүлөт.