Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасында кышкы туризм үчүн сунушталган багыттардын алдыңкы үчтүгүнө кирди

Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасында кышкы туризм үчүн сунушталган багыттардын алдыңкы үчтүгүнө кирди. Туристтер үчүн рейтингди “ТурСтат” аналитикалык порталы түздү.

 

Ага ылайык, алдыңкы 5 орунга Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения кирет. Эксперттердин маалыматы боюнча, биздин өлкөдө туристтерди кышкысын Караколдогу тоо-лыжа курорту жана Ысык-Көл кызыктырат.