Кыргызстан – Кытай темир жол курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси жыл аягына чейин даярдалат

Кыргызстан – Кытай темир жол курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси жыл аягына чейин даярдалат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык форумда Унаа жана жолдор министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.

 

Ал баса белгилегендей, эл аралык темир жолдун курулушу – перспективдүү долбоор. Ал Кытайды Кыргызстан аркылуу Европа менен байланыштырууга жол ачат.

 

Кытай — Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун биздин өлкө аркылуу өткөн тилкесинин жалпы узундугу 268 чакырымды түзөт деп пландалууда.