Өлкөдө күнөскана бизнеси өркүндөп жатат. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, алардын саны жыл сайын өсүп, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 2 миң 640 теплица бар.
Алар ээлеген жалпы аянт 215 гектарга барабар. Заманбап технологиялар менен иштеген күнөсканалар Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашат.
Аларды курууда Түштүк Корея, Түркия жана Кытайдын технологиялык ыкмалары колдонулган.