Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адамды жүзүнөн таануу технологиясы колдонулат

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адамды жүзүнөн таануу технологиясы колдонулат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги компьютердик көрүү жана машина үйрөнүү боюнча адистешкен компания менен келишим түздү.

Биргелешкен долбоордун алкагында атайын программалык камсыздоону колдонуу пландалууда.

Бул адамдын инсандыгын беттин геометриясы боюнча дароо аныктоого мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, жаңы технологияны мамлекеттик кызматкерлерди тестирлөө процессинде, айдоочулук күбөлүк алууда, шайлоо жараянында жана башка жагдайларда колдонуу пландалып жатат.