Баткенде 98 мектептин директорлугуна сынак өтүп жатат

11-августта Баткен облусундагы 98 мектепке жаңы директорду дайындоо үчүн сынактын экинчи туру өтүүдө. Анда талапкерлер компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп бериши керек. Азырынча тестирлөөнүн жүрүшүнө нараазы болуп, аппеляциялык арыз жазгандар боло элек.

Сынакта эң көп упай алган талапкерлерди министрликтин сунушу менен райондук билим берүү бөлүмдөр кызмат орундарына дайындайт. Жогору балл алган эки талапкердин упайы бирдей болуп калса, алар үчүн кайрадан сынак уюштурулат.

Мектеп директору болуу үчүн талапкердин жети жылдык педагогикалык стажы, педагогикалык жогорку билими болуусу шарт.

Тестирлөөнүн ачык-айкындуулугун көзөмөлдөө үчүн мугалимдердин кесиптик бирлиги, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу болуп жатышат.

Сынакты уюштурган Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борборунун өкүлү Бактыгүл Шамшидинова билдиргендей, биринчи этапта 200дөн ашык талапкер документтерин тапшырган. Текшерүүдөн соң экинчи турга 150 талапкер өткөн.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка 12-июлда кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындала турган болгон.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген.