Кыргызстанда 10 ооруканада курулуш жана оңдоо иштери аяктады

Кыргызстанда 10 ооруканада курулуш жана оңдоо иштери аяктады.

Архитектура жана курулуш агенттигинин катчысы Самат Бөрүбаев билдиргендей,

быйыл пандемияга байланыштуу 14 медициналык мекемени пайдаланууга берүү пландалган.

Эки медициналык мекеме толук түрдө курулду. Калгандарында оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Учурда 10унда иштер аяктап, дагы 4 объектиде жумуштар аткарылууда. Алар Ош,

Нарын жана Жалал-Абад облустарына туура келет.

Курулуштарга каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди.