Кыргызстанга Азербайжан тарабынан гуманитардык негизде тапшырылган AstraZeneca вакцинасынын сактоо мөөнөтү кийинки жумада соңуна чыгат

Кыргызстанга Азербайжан тарабынан гуманитардык негизде тапшырылган AstraZeneca вакцинасынын сактоо мөөнөтү кийинки жумада соңуна чыгат.

 

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата 10 миң доза вакцина колдонулду. Калган партиясы жарактан чыгып калат деген коркунуч бар, анткени, препараттын сактоо мөөнөтү 31-августта аяктайт. Эске салсак, Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза вакцина берген болчу.