Ошто муниципалдык унаа токтотуучу жайлар курулат

Ошто муниципалдык унаа токтотуучу жайлар курулат.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, биринчи парковка Салиева көчөсүндө пайда болот.

Учурда анда пайдаланууга жараксыз абалдагы гаражды түрттүрүү иштери жүрүп жатат.

Белгилеп кетсек, мындан кийин калаанын башка райондорунда да

муниципалдык унаа токтотуучу жайлар пайда болот.