Ош облусунун аймагында 12-декабрда саат 18:22де очогунда күчү
3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология
институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык
айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана
Үчбай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер
титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.