Кыргызстанда 30 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделди.
Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык
борборунан билдиришкендей, экинчи дозаны алгандардын саны дээрлик 1 миң 400 адам.
Вакцинациядан өткөндөрдүн катарында медицина кызматкерлери, педагогдор жана
65 жаштан жогорку жарандар бар. Вакцинация кампаниясы
Sinopharm жана «Спутник V» препараттары менен жүрүп жатат.