АКШ зоопаркында тактары жок жираф туулду. Ал толугу менен күрөң түстө. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, мындай уникалдуу жираф – дүйнө жүзүндө жападан жалгыз.
Ошондой эле алар өзгөчө жираф аталган жаныбарлардын маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурат деп ишенүүдө. Дүйнөдөгү эң бийик делген жаныбарлар Африкадагы айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнөн улам жана мыйзамсыз аңчылыктан жок болуу коркунучу алдында турат.