Бишкекте калкты жана турак-жай фондун каттоодо иштей турган кызматкерлерди окутуу башталды.
Семинар Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустары жана Бишкек боюнча райондук, облусттук статистика органдарынын кызматкерлери үчүн 3 күнгө созулат, — дешти Улуттук статистика комитетинен.
Семинарда өнөктүк боюнча кеңири маалымат берилип, процесс учурунда коронавирусту
алдын-алуу чаралары айтылды. Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо
25-марттан 4-апрелге чейин өтөт, алыскы аймактарда 23-апрелден 3-майга чейин деп белгиленди.