Кыргызстанда 70 миңден ашык адам жумушсуз деп каттоодо турат

Кыргызстанда 70 миңден ашык адам жумушсуз деп каттоодо турат. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 70 миң 479 адамдын 43,8 пайызы аялдар. Расмий эсепте жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу элдин санынын  2,6 пайызын түзөт.

 

Баткенде 14 миң адам, Жалал-Абадда 18 миң, Ош облусунда  17 миң, Чүйдө 4 миң адам, Таласта 3 миң, Нарын облусунда 2 миң адам расмий жумушсуз деп каттоого турган.