Бишкекте нандын баасын жогорулаткандарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Бишкекте нандын баасын жогорулаткандарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу мэрия маалымдайт. Адистер базарларды жана ири соода түйүндөрүн текшерип жатат.

 

Сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, өлкөдө тандыр нанынын баасы 27-30 сомдон ашпашы керек. Социалдык маанилүү азыкты кымбат саткан жеке жактар 3 миң сом, юридикалык жактар 13 миң сомго айыпка тартылат.