Кыргызстанда акыркы суткада дагы 310 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 112, Ошто 59, Чүйдө 16, Таласта 7, Нарында 19, Ысык-Көлдө 16, Жалал-Абадда 54, Баткенде 27 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 36 миң 925 адам коронавирусту жеңди.