Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска 1 миң 81 адам чалдыкты

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 1081 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч болууда. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (640).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 28-июндагы маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясынан дагы беш бейтап каза болду. Муну менен илдеттин курмандыктары 1982 кишиге жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 488 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда 121 946 киши вирус жугузуп алды. Анын 108 953 сакайды.

Учурда 3 123 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 128 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Өлкөдө былтыр июндун акырында, июлдун башында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Июлда бир күндө оору расмий аныкталгандар 1600гө жеткен. Өлкөдө дем алдыруучу аппараттар, ооруканаларда орундар, дарыгерлер, дары-дармек жетишкен эмес.

Бир катар дарыгерлер, байкоочулар быйыл деле иш жүзүндө вируска чалдыккандар жана андан өлгөндөр, тест тапшырбай үйдө жаткандар мындан бир топ көп болушу мүмкүндүгүн айтып келатышат.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 100 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V» вакциналары колдонулуп жатат. Кыргызстан эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасын күтүп жатат