Кыргызстанда ар бир 24-жаран коронавируска каршы вакцина алды.
Бүгүнкү күндө дээрлик 300 миң адам биринчи дозаны алса,
экинчи компонент 100 миңден ашыгына сайылды, — деди саламаттыкты
сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев.
Ал белгилегендей, калк өзүн жана жакындарын ковидден сактоо
үчүн эмдөөдөн өтүшү керек. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча
847 түйүндө вакцинация жүрүп жатат.