Француз чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиянын “Аль-Иттихад” клубуна өттү

Француз чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиянын “Аль-Иттихад” клубуна өттү. Келишим 2026-жылга чейин эсептелген. Бензема 2 сезондо 200 миллион евро табат.

Андан тышкары, ал салыктардан бошотулушу мүмкүн.

 

Эске салсак,  2009-жылдан тарта Бензема мадриддик “Реалда” ойноп келген. Бул убакыт аралыгында ал 25 титулга ээ болду, Испания чемпионатында 4 жеңиш, Чемпиондор лигасында 5 жеңиш бар. Өткөн жылы Карим Бензема “Алтын топтун” ээси болду.