Кыргызстанда дагы 312 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей,
сакайгандардын көбү Бишкекке, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келет.
Өлкө боюнча коронавирус жана пневмониядан айыгып чыккандардын жалпы саны 35 миң 197ге жетти.