Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы жок.
Бул тууралуу дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык буюмдар департаментинин фармацевтикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Украинадагы кырдаалдан улам дары-дармек менен камсыздоодо мүчүлүштүктөр болгон, бирок фармацевтикалык компаниялар Россия менен Түркиядан альтернативдүү жеткирүүчүлөрдү тапкан.
Азыр өлкөгө жеткирүү үзгүлтүксүз жүрүп жатат, — деди Исмаилов.