Жаратылыш ресурстар министрлиги Жерүйдү иштетүүдөн улам дарыянын булганышы тууралуу маалыматты төгүндөдү.
Социалдык тармактардагы кайрылуунун негизинде мекеменин адистери Талас районундагы Чоң-Чычкан дарыясы булганышы мүмкүн болгон жерге барышты.
Анын алкагында, адырлардан кар жана муз эрип, суу ылай менен топуракка аралашып калгандыктан дарыя булганганы аныкталган.
Мекеменин маалыматына караганда, суу атайын булганган эмес.