Кыргызстанда дарыларды көзөмөлдөө системасы ишке кирди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ага бардык дарыканалар, фармацевтикалык компаниялар, мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдары жана башка катышуучулар кошулат.
Система дары-дармектин өлкөгө киргенден тартып, дарыканалардан акыркы керектөөчүгө чейин жеткенин көзөмөлгө алып, препараттардын жана медициналык буюмдардын коопсуздугун камсыздап, контрабандалык продукцияга каршы күрөшүүдө жардам берет.