Машыгуучу учакта жабыркагандардын биринин абалы оор

Авиациялык коллеждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор.

Ал Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда жатканын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 21-октябрда билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири — коллеждин 22 жаштагы курсанты. Ал башынан жараат алып, мээси чайкалганы кабарланган. Экинчи бейтап да Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын шыйрак сөөгү сынганы айтылды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана окуу жай бул боюнча маалымат бере элек.

 

20-октябрда, Чүйдө авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учак кулап, эки адам жараат алганы кабарланган. Кырсык Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда болгон.

 

Машыгуу үчүн колдонулуп жүргөн эки орундуу Bristol учагы учуп баратып кулап түшүп, күйө баштаганын күбөлөр айтышкан.