“Менин үйүм 2021-26” программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, кеп, бюджеттик тармактын
кызматкерлери үчүн “Жеңилдетилген ипотека” багытындагы арыздар тууралуу болуп жатат.
Суроо-талаптын чоң болгонуна байланыштуу өнөктөш-банктар катышуучуларды керектүү
өлчөмдө кабыл алышты. Ал эми бардык категория үчүн “Жеткиликтүү ипотека”
багытындагы арыздарды кабыл алуу белгиленген лимит боюнча уланууда.