Кыргызстанда дизель майы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда дизель майы кымбатташы мүмкүн.

Мунай ташуучулар россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордо солярка кымбаттап кеткендиктен, бааны көтөрүүгө аргасыз болуп жатканын билдирүүдө.

Өз кезегинде Монополияга каршы мамлекеттик орган нефтетрейдерлерди бааны кармап туруу үчүн колдон келген аракетти жасоого чакырып жатат.

Кошумчаласак, азыр Кыргызстанда бир литр дизелдин баасы 71 сомдон ашты.