600 мектептин башталгыч класстарына ысык тамак берилет

Кыргызстандагы 600 мамлекеттик мектептеги башталгыч класстын окуучулары үчүн акысыз ысык тамак уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КМШ мамлекеттеринин мектептериндеги ысык тамакты уюштуруу боюнча форумда билдирди.

Министр башталгыч класстын балдарына пайдалуу ысык тамак берүү окуучулардын сапаттуу билим алышын камсыздап, балдардын билимге ынтызарлыгын күчөтөрүн айтты.

Кендирбаева мектеп окуучуларына ысык тамак берүүдө Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азык-түлүк программасынын колдоосу чоң экенин белгиледи.

Мамлекеттик мектептердеги башталгыч класстын окуучуларынын тамагына республикалык бюджеттен күнүнө 7 сомдон, бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларына 10 сомдон бөлүнөт. Былтыр ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги бул акчаны 20 сомго көтөрүүнү сунуштаган. Министрлер кабинети акча жетишсиздигин айтып, колдогон эмес.

Келерки жылдын бюджетинин долбоорунда окуучулардын ысык тамагы үчүн күнүнө 14 сомдон бөлүү каралганы долбоор талкууланып жатканда белгилүү болгон.