Кыргызстанда доллар кайрадан позициясын бекемдеп жатат

Кыргызстанда доллар кайрадан позициясын бекемдеп жатат.

 

Бүгүнкү күнгө карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 81 сомдон сатып алып, кайра 82 сомго сатышууда.

 

Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 79 сом 50 тыйын деп орнотулган. Белгилеп кетсек, соңку 2 жумада доллардын куну кескин серпилүүдө, ал 79 сомдук көрсөткүчтөн  84 сомго чейин жетип, кайра арзандап кеткен. Эксперттер муну эл аралык валюта рыногундагы абал менен байланыштырып жатат.