Кыргызстанда эки жаңы айыл пайда болушу мүмкүн. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, Ош облусунун Достук жана Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң калк жашаган түйүндөрүнө айыл макамын берүү сунушталды. Мыйзам боюнча түйүндө 50дөн кем эмес адам жашаса жана анда көрктөндүрүү иштери жүргүзүлсө, ал айыл катарына киргизилет.
Достук жана Ак-Булуң бул категорияларга туура келет.