Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу кескин жогорулады. «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасынын жетекчи орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу билдиргендей, ушул күндөрү суткалык керектөө 66 млн кВт/саатка жетти. Маалыматка ылайык, былтыр бул маалда кыргызстандыктар суткасына 62 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген.
Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырат.